super.kg logo
  Саясат  

Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алган. Мыйзам "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" мыйзамын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүүгө багытталган. Демек, аталган мыйзам менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XIX бөлүгүнүн (табигый монополиялар) жана табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун талаптары эске алынды.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: