super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү демилгесин артка кайтарышты

 
Улуттук спорттун түрлөрүн мектеп программасына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 15-январда кабыл алды. Мыйзам долбоорунда тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарды мектеп программасына киргизүү жана мамлекеттик деңгээлдеги өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгы боюнча уюштуруучуларды Жогорку Кеңешке келип отчёт берүүгө милдеттендирүү жагы каралган. Бирок демилгеге өкмөт өкүлү жана айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Исмаил Исаков: "Мисалы, көк бөрү оюну кооптуу. Мектеп окуучуларын ага аралаштыруу мүмкүн эмес",- деп билдирди. Айрым депутаттар өткөрүлгөн оюндар тууралуу отчёт алуунун зарылчылыгы деле жок деген ойдо. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: