Ысык-Ата районунда мас адам 41 жаштагы жаранды бычактап салды
Ысык-Ата районунда мас адам 41 жаштагы жаранды бычактап салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын башында Кант шаарындагы ооруканага бычактан жараат алган 41 жаштагы тургун келип түшкөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган К.А. кармалган. Анын айтымында, окуя болгон күнү жабырлануучунун үйүндө спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Мындан улам шектүү жаран аны бычак менен сайып салган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.