Эркин Сакебаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 15-январдагы жыйынында парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерлерди шайлап жатат. Төрагалыкка Эркин Сакебаевдин талапкерлиги сунушталып, добуш берүү жашыруун тартипте өтүүдө.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Сакебаев буга чейин Эл аралык иштер боюнча комитетинен чыгарылып, Социалдык саясат комитетине кошулган. Каттоодон өткөн 71 эл өкүлүнүн 58и "макул", 13ү "каршы" деп добуш беришти. Айта кетсек, Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр болгонго чейин аталган комитеттин төрайымы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

