super.kg logo

Нарын шаарында 117 атайын таза суу алуучу суу түтүгү бар

 

Нарын шаарында 117 атайын суу алуучу суу түтүгү бар. Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы суу алуучу колонкалардан суу алган жашоочулар көп учурда аны токтотпостон, аккан боюнча калтырышат. Колонканын айланасын суу каптап, муз тоңуп калууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муз тоңгон суу алуучу жайлардын айланасын "Нарын суу-канал" ишканасынын кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тазалап, муздарын чагып, суу чыкпай калган же бузулган учурда диспетчердик кызмат күнү-түнү иштеп жатат. Атайын түшкөн буйрутмалардын негизинде кайрылган кардарлардын өтүнүчүн канааттандырышууда. Мындан сырткары, учурдун талабына ылайык, жер үйлөргө суу киргизилип, сырттагы сууга элдин муктаждыгы да күндөн-күнгө азайып жатат. Ал эми кышкы мезгилде суу алуучу колонкалардын айланасындагы тоңгон муздарды чагуу, бузулгандарын оңдоо боюнча ишкананын жүргүзгөн иш- аракеттери мэриянын көзөмөлүндө болууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: