Күйүүчү майга болгон акциздик салык 1 сом 92 тыйынга көтөрүлөт
Күйүүчү майга болгон акциздик салык 1 сом 92 тыйынга көтөрүлөт. Муну экономика министри Темир Сариев бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан сунуш кылынган алкоголь, тамеки жана күйүүчү
майга болгон акциздик салыкты жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Сариев 1 литр күйүүчү майга 1 сом 92 тыйындан кошуларын маалымдады. Депутаттар күйүүчү майга болгон акциздик салыктын көтөрүлүшүнө каршы пикирлерин билдиришти. "Тамеки, алкоголдук ичимдиктерге көтөрсө болот, бирок күйүүчү майга кошуу туура эмес. 3 миңден 5 миң сомго көтөрүп жатканыңар биздин деле чөнтөккө оорчулук жаратат", - дешти депутаттар.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















