Нарын облустук ички иштер башкармалыгы: "Нарындагы Борбордук Азия университетинин куруучуларынын ортосунда массалык уруш чыккан эмес"
Нарындагы Борбордук Азия университетинин куруучуларынын ортосунда массалык уруш чыккан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти:
"Айрым маалымат булактарында "курулушта иштеген казак жарандары менен кыргыз жарандарынын ортосунда уруш чыгыптыр" деген маалымат тараган. Бул чындыкка дел келбейт, себеби ал жерде мушташ болгон эмес. Анда 1991-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургуну Нурсултан Темирбек уулу менен казак улутундагы бала уруша кетишкен. Окуя 12-январь күнү курулушчулар жатаканасында болгон".
Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар спирттик ичимдиктерин ичишкен. Кийин Н.Темирбек уулу казак жаранынын үстүнөн милицияга арыз жазган. Учурда ал тосмо арыз жазып, бул иш жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.