super.kg logo
  Саясат  

"Демократиялык өлкөдө жашап жатканыбызга сыймыктанышыбыз керек" деди Жоомарт Оторбаев

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-январда өлкөдөгү бир катар маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчы коррупция менен күрөшүүдө жана жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүдө маалымат каражаттарынын ролу зор экенин белгиледи. "Биз демократиялык өлкөдө жашап жатканыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан туура эмес иштерди токтотууда ачыктыкты жана сөз эркиндигин пайдаланышыбыз керек",- дейт Оторбаев. 
Өкмөт жетекчиси жарандардын активдүү позициясы мамлекеттик кызматкерлердин ишинин сапатын жакшыртууга салым кошо турганын белгилеп: "Кыргызстан сылык жарандардын өлкөсүнө айланышы керек. Биз мамлекеттик кызматкерлердин туура эмес иштерди жасашынын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөбүз",- деп билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: