super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарындагы экинчи ЖЭБди ишке киргизүү боюнча инвестор изделүүдө

 
Өкмөттө 15-январда Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) модернизациялоо жана ЖЭБ-2ни ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өттү. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев тармакта жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берип, 2014-жылдын 13-августунан бери курулушчулар үчүн шаарчанын пландык иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Көмөк чордондорду алмаштыруу боюнча долбоорлор сунушталганы да айтылды. Маалыматка таянсак, 2015-жылдын 8-январына карата тийиштүү жабдуулар жана эки автокөмөкчордон алынып келинди.
"Жабдууларды алмаштырууда Бишкек ЖЭБинин алдында турган басымды жана 2015-2016-жылдардагы жылытуу мезгилин эске алуу зарыл",- деди вице-премьер-министр Валерий Диль.
Жыйында шаардагы экинчи ЖЭБди ишке киргизүү маселеси каралып, вице-премьер жасалчу иштердин графигин иштеп чыгуу жана анын аткарылышына көзөмөл салууну Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырды. Экинчи ЖЭБди ишке киргизүү боюнча инвестор изделип жатканы айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: