Чүй облусунун Орок айылында 17 жашар айдоочу унааны башкара албай калып, кырсыкка кабылды
5-ноябрда Сокулук районунда кечки саат 20:30дар чамасында дагы бир автокырсык болуп өттү. Бишкек-Орок багытында бараткан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу, 17 жаштагы Р.Э. аттуу жигит Орок айылында баратып рулду башкара албай калып, жол четиндеги даракты барып сүзгөн. Кырсыктан унаанын ичиндеги 19 жашар жүргүнчү К.Н. аттуу адам жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.