"Дордойдун" футболчусу Азамат Байматов клубдун акыркы сезондогу мыкты коргоочусу, башкы бомбардир Калимулла мыкты чабуулчу болуп табылды




















Владислав Волков

"Мыкты коргоочу" наамынын ээси Азамат Байматов сыйлыгын алып жатат.

Ислам Шамшиевге (солдо) сыйлыгы тапшырылып жатат.
Акыркы сезондо футбол боюнча өлкө чемпиондугун, Көз карандысыздык Кубогун жана Суперкубокту утуп алган бишкектик "Дордой" футболдук клубу атайын салтанат уюштуруп, команданы сыйлады. Анда өлкө чемпиондугунун алтын медалдары расмий түрдө тапшырылды. Иш-чарага клубдун жетекчилиги, КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү, машыктыруучулар жана футболчулар катышты. Ошондой эле "Дордой" футболдук клубу катыша турган АФКнын Кубогу талкууланды.
Автор: Максат Кудайбердиев
Клубдун 2014-жылдагы ийгилигин жогору баалаган клубдун кожоюну Аскар Салымбеков төмөнкүлөргө токтолду: "Биздин клубдун учурдагы курамын күчтүү десем болот. 1 жыл ичинде команда түзүп, 3 кубок багындырган машыктыруучунун эмгегин баалаш керек. Ошондой эле "Дордой" жакын арада АФКнын Кубогунун тандап алуу туруна катышып баштайт. Бул биз үчүн чоң сынак. Биздин клуб 2 оюнду утуп, АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына чыкса жакшы болмок".
Андан тышкары "Дордойдун" акыркы сезондогу мыкты оюнчулары аныкталды. "Мыкты дарбазачы" наамына Владислав Волков арзыса, "Мыкты коргоочу" наамы Азамат Байматовго ыйгарылды. "Мыкты жарым коргоочу" наамы Ислам Шамшиевге тапшырылса, акыркы сезондо ТОП-Лиганын башкы бомбардири болгон пакистандык Калимулла "Мыкты чабуулчу" болуп табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.