Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата өткөн адабий сынак жыйынтыкталды



Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата өткөн адабий сынакта Калича Жакыпова, Махабат Касейинова, Сезим Толукбаева, Нуркыз Абдыкеримова, Нуркыз Кадырбековалар Жолон Мамытов атындагы фонддун стипендиаттары болушту.

"Эң мыкты поэтикалык китеп" номинациясына татыктуу болгон акындар Мелис Маматжанов, Бердибек Жамгырчиев.
15-январь күнү Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата улуу муун, орто муун жана кичүү муунду бириктирген республикалык адабий сынак болуп өттү. Анда 40ка жакын акындын ичинен жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Жолон калеминин мураскери" номинациясына акын Зайырбек Ажыматов, "Эң мыкты поэтикалык китеп" номинациясына акындар Мелис Маматжанов, Бердибек Жамгырчиев, "Жаңычыл поэтикалык үн" номинациясына акындар Максат Жангазиев, Акбар Кубанычбеков, "Канаттуу саптар" номинациясына акындар Назгүл Осмонова, Мирлан Алтымыш уулу, Гүлайым Калыбековалар татыктуу болушту. Бул тууралуу Мелис Маматжанов билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.