super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримовго атаандаш болчу талапкер чыкты

 

Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынын Борбордук кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада саясий уюмдун лидери Хатамжон Кетмоновдун быйыл өлкөдө өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуусу партиянын мүчөлөрү, активисттери тарабынан жактырылды. "Мындан тышкары жыйында катышуучулар саясий уюмдардын жана депутаттык топтордун ортосундагы кызматташтыкты шайлоо тартибин сактоо багытында өнүктүрүү керек экендигин айтышты. Иш-чаранын жыйынтыгында шайлоо кампаниясын өткөрүүдө партиянын идеологиялык жана уюштуруучулук милдеттери бекитилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өтмөкчү. Анда негизги талапкер катары учурдагы президент Ислам Каримов да катышары белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: