super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Энергетика жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизди

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Энергетика жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байланышкан мыйзамдар пакетине кирет.

Тактап айтканда, "Энергетика жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталат:

- Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү; 

- Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен кошо күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: