super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Биздин коомубузга эмне болду? Өлкөбүздүн эң кичинекей жарандары кордолуп жатат..."

 
"Өлкөбүздүн эң кичинекей жарандарына карата жасалып жаткан зордук-зомбулук күч алууда. Өткөн жумада ооруканага оор абалда түшкөн 2 жаштагы Ибрагимдин окуясы да жүрөктүн үшүн алды",- деди бүгүн, 16-январда жаш балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктарга арналган жыйында КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев
"Жыл сайын өлкөдө балдар менен байланыштуу миңдей кылмыш иши катталат. Буга чейин өлкөдө жаш балдарга байланыштуу эки окуя коомчулукта чоң талкууга алынган. Алардын бири: 1,5 жаштагы кызды таежеси катуу сабаган болчу. Ал кыз 1,5 жылдан бери комада жатат. Андан кийин жаш баланы зордуктоо фактысы катталган. Эми минтип 2 жаштагы бала катуу сабалып, зордукталганы айтылды. Жылына балдарга карата жасалган миң кылмыш - өтө жогорку көрсөткүч",- деди өкмөт башчы.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. 

Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ошондой эле кечээ кылмышка шектүүнүн аялы да кармалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: