Америкада төрөлүп-өскөн кыргызстандыктардын балдарына алиппе китеби даярдалууда






Америкада төрөлүп-өскөн кыргызстандыктардын балдарына кыргыз
тилин үйрөтүү жана мекенин таанытуу максатында атайын алиппе басылып чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда "Kyrgyz USA community" жаштар коомунан билдиришти.
"Чет жерде жүргөндө айлана-чөйрөнү чет тил курчап, эне
тилибиз унутта калып кетчү коркунуч бар. Балдарга кыргызча сүйлөп,
кыргызча жомок айтып, кыргызча китеп окумайынча алар кыргыз тилин үйрөнүшпөйт. Кыргыз тилин сактап калуу, тилибизди байытуу - ар бир кыргыздын милдети. Андыктан "аракетке берекет" деп, мекенчил сезимди туу тутуп, кыргыз тилин үйрөтүү максатында аталган китепче быйыл басылып чыгарылат",- деп билдиришет жаштар коомунан.
Алиппе Америкадагы кыргыздарга ылайыкташтырылып, 54 беттен
турган заманбап журнал форматында жана системдүү түрдө жылына бир нече
жолу басылып чыгат. Китепченин бет ачары жакынкы арада болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ariet7

16.01.2015. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээн сонун
kg.sity93

16.01.2015. 17:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен ..жаштарга ийгилик
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.