“Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси эки айга камакка алынды
“Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек
шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Автор: Бекжан Рыскулов
Маалыматка караганда, 13-январь күнү “Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси М.М., “Кыргызтелеком” ишканасынын Ош облусундагы бөлүмүнүн мурдагы директору О.М. жана “Аламүдүнэнерго” ишканасынын башкы директору П.О. “2009-2010-жылдары Ош-Эркеч-Там булалуу оптикалык байланыш кабелин курууда чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз чыгарып кетишкен” деп шектелип кармалышкан.
Айта кетсек, “Кыргызтелеком” ишканасынын 90 пайыз акциясы мамлекетке караштуу. Мындан улам мамлекетке 50 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.