super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: "Биометрикалык маалымат тапшырууга каршы чыккандар - мурунку шайлоо системин колдогондор"

 
Бүгүн, 16-январда маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев иометрикалык маалыматтарды тапшырууга каршы чыккандар - булар мурунку шайлоо системин - "каруселди" колдогондор" деп билдирди.
"Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу менен өлкөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачууга да чоң жардам болот. Шайлоо учурунда биометрикалык маалыматтар аркылуу ар кандай коррупциялык схемаларга жол жабылат. Анын көп тараптуу пайдасы бар. Жакында эле Сауд Арабиядан кат келди. Алар 2015-жылы өтө турган ажылык сапарга баруучулардын биометрикалык маалыматтарын сурашты. Сентябрга чейин 5 миң кишинин маалыматын берүү керек",- деди Т.Сарпашев.
Ошондой эле Т.Сарпашев журналисттерге Куранды окуп чыкканын айтып, "Курандын 75-аятында "ар бириңердин манжаларыңардагы издерди да ар башка кылып жараткам" деп айтылган",- деди. 
Анын ою боюнча, бул аятта биометрикалык маалымат тууралуу айтылат. 
"Биометрикалык маалымат тапшыруудан коркуунун кереги жок, ал көптөгөн жеңилдиктерди алып келет",- деп кошумчалады Т.Сарпашев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: