super.kg logo

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош шаарындагы мектептердин абалы менен таанышып чыкты

 

Кечээ, 15-январда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Курманжан датка, Нышанов, “Кыргыз-түрк достугу” атындагы мектептерде жана жаңы ачылган “Актан” балдар бакчасында болду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Д.Ниязалиева Курманжан датка мектеби менен толук таанышып чыгып, анын көлөмүн чоңойтуу максатында кошумча канат куруу керектигин сунуштады. Мындан сырткары шаардагы №50, №52-мектептерде жана Жапалактагы жаңы курулган №73-балдар бакчасында да болуп, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ага вице-премьер-министр менен катар КРнын Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыканов, Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов катышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: