Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү башкы консулу кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу планынын алкагында 14-январда Кыргызстандын аталган өлкөдөгү башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен БАЭнин энергетика министри Мохамед Аль Мазрои жолугушту. Маалыматты бүгүн, 16-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Тараптар сунушталган долбоордук пландар менен таанышуу үчүн эмираттык делегациянын Кыргызстанга келишине тийиштүү маселелерди талкуулашты. Энергетика министрлиги төмөнкү тармактагы долбоорлор боюнча кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи:
Алтын кендерин казуу;
Гидроэнергетика;
Айыл чарбасы;
Алюминийди кайра иштетүү;
Банктык чөйрө;
Инфраструктуралык долбоорлор;
Туризм: лыжа базалары жана мейманкана комплекстери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

