super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан бир суткада орточо 55 миллион киловатт электр энергиясын пайдаланууда

 
Кыргызстан 14-январда 54,8 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 6,9 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 16-январда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 994 миң киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Жалал-Абад облусу алдыда (557 миң киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8656 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн. 
Айта кетсек, быйылкы сезондо 1 суткада пайдаланылган электр энергиясынын суткалык көрсөткүчү 64,9 миллион киловатт-саатка чейин чыкты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: