super.kg logo
  Саясат  

"Ар-намысчы" депутаттар Франциядагы терактка француз журналисттери өздөрү күнөөлүү экенин билдиришти

 

Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары 16-январда Франциянын "Шарли-Эбдо" журналына байланышкан терактты талкуулашты. Жыйында депутаттар бул окуяга француз журналисттери өздөрү күнөөлүү экенин айтышты. Депутат Турсунбай Бакир уулу мусулмандар "Шарли-Эбдо" басылмасына 2005-жылдан бери эскертүү берип келишкенине токтолду. "Негизи, мусулманчылыкта күнөөсү жок адамды өлтүрбөйт. Бирок француз басылмалары Мухаммед пайгамбардын карикатурасын 10 жылдан бери тартып, шылдыңдап келишет. Басылма сотко да берилген, бирок сот экинчи тараптын пайдасына чечип берген. Мусулмандар акыры чыдабай, туура эле кылышты",- деди Бакир уулу.

Бакир уулу аталган журнал пайгамбарды шылдыңдап бизнес кылып жатканы үчүн сотко берүү керектигин кошумчалады. "Чагымчылдык кылып ортодон бизнес жасап жатышат. Пайгамбарды шылдыңдап бизнес кылууну токтотпосо, сотко кайрылыш керек",- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: