super.kg logo
  Саясат  

"Биометрикалык маалыматтарды тапшырууга мажбурлап жатат" деп айтылганы менен, катталган фактылар жок" дейт Тайырбек Сарпашев

 

"Айрым аймактарда мамлекеттик органдар биометрикалык маалыматтарды тапшырууда катардагы жарандарды зордоп жаткандары айтылганы менен, катталган фактылар жок". Бул тууралуу бүгүн, 16-январда жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. 

"Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча даярдык иштери былтыр май айында башталган. Өлкөнүн аймактарында аны топтоо иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында толугу менен аяктайт. Учурда биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча бошогон жабдуулар борбор калаага жеткирилүүдө",- деди Т.Сарпашев. 

Анын айтымында, учурда борбор калаада биометрикалык каттоодон өткөрүүчү 110 пункт толук кандуу иш алып барууда. Аймактардагы топтоо иштери аяктаганда Бишкек менен Чүй облусунда топтоо иштери башталмакчы. 

"Ал эми өлкө боюнча биометрикалык маалыматтар топтолгон соң, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен бирге Орусиянын чоң шаарларына аттанабыз",- деди Т.Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: