super.kg logo
  Саясат  

Министр: "Катуу сабалган 2 жаштагы бала 4-баскычтагы мээ комасында жатат"

 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча өкмөт башчынын катышуусундагы жыйындан кийин №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы баланын абалы боюнча маалымат берди.

 "2 жаштагы баланын баш мээси жабык түрдөгү жаракат алган, анын баш мээси оор түрдө кокустаган. Анын бетинде жана бүт денесинде ар кандай жаңы жана эски сыйрылуулар да бар. Ошондой эле арткы тешиги айрылган. Ага "4-баскычтагы мээ комасы" деген аныктама берилди. Азыркы учурда баланын абалы оор бойдон калууда. Ал өпкөнү жасалма желдетүүчү атайын аппарат менен дем алып жатат",- деди Т.Батыралиев.

Ошондой эле министр: "И.Т. 2013-жылы 1-августта төрөлгөн. Анын атасы куруучу болуп иштейт, ал эми апасы тууралуу эч кандай маалымат жок",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: