Сокулук районунда унаа уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды
Сокулук районунда унаа уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Дөң-Алыш айылынын 24 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 13-январь күнү Романовка айылында Алмаз аттуу адам унаасын уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Ш.Алмаз кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.