super.kg logo
  Саясат  

Өткөн жылы өлкөдө 5 миллиард 284 миллион сомдон ашуун каражат жеңилдетилген насыя катары берилген

 
Өткөн жылы өлкө аймагындагы дыйкандарга жана кайра иштетүүчү ишканаларга 5 миллиард 284 миллион 900 миң сом акча каражаты жеңилдетилген насыя катары берилген. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда 2014-жыл жыйынтыгына арналган жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. 
Маалыматка ылайык, былтыр берилген насыялардын ичинен өсүмдүктөргө 404 миллион 400 миң сом, малга 4 миллиард 110 миллион 100 миң сом, кайра иштетүүгө 734 миллион 600 миң сом акча каражаты берилген. 
"Берилген насыялар малдын санын кескин көбөйткөнгө түрткү болду. Мисалы, ири мүйүздүү малдын саны 2013-жылга салыштырмалуу 1 миллион 367 миң болсо, бүгүнкү күндө анын саны 1 миллион 426 миңге жетти. Кой, эчки сыяктуу майда жандыктардын саны 5 миллион 423 миңден 5 миллион 717 миңге көбөйдү. Ал эми жылкынын саны 398 миңден 426 миңге жеткен",- деди Т.Сарпашев.       





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: