Чүй облусунун тургуну өз эрки менен ок атуучу куралын тапшырды
Чүй облусунун тургуну өз эрки менен ок атуучу куралын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Көк-Жар айылынын 52 жаштагы тургуну Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине мыйзамсыз сактап жүргөн үч аңчылык куралын тапшырган.
Эгер кимде-ким мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды күч органдарына өз эрки менен тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын Ички иштер министрлиги эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.