super.kg logo
  Саясат  

"Күчтүү мамлекет байлардан түшкөн салыктык каражатты кедейлерди колдоого жумшайт" деди Жоомарт Оторбаев

 

"Күчтүү мамлекет калктын жакыр катмарын колдоого бай жарандардан жана ири ишканалардан түшкөн салыктык каражатты жумшайт". Мындай пикирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 15-январда социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушууда билдирди.

Өкмөт башчы 2014-жылы калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоо боюнча жасалган иштерге токтолду.

"Өткөн жылы 476 миң адамга социалдык колдоо көрсөтүлгөн. Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөк пулду 310 миң адам, ал эми ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулду 77 миң жаран алат. Ошол эле учурда Кыргызстанда 161 миң адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү катары саналат. 2014-жылдын 1-январынан тарта социалдык кызматкерлердин айлык акысы 3800 сомдон 6500 сомго дейре жогорулатылган”,- деди премьер.

Өкмөт башчы министрлик эл аралык уюмдар менен биргеликте мамлекеттик жөлөк пулдарды белгилөөнүн даректүүлүгүн күчөтүү, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин социалдык жактан коргоо, жашоо шарты оор үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык колдоого алуу жана зомбулукка кабылган балдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча жакшы иштерди улантарына ишенерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: