Кыргыз делегациясы Бельгияда өтүп жаткан айыл чарба техникасынын жарманкесине катышты
КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев баш болгон кыргыз делегациясы Бельгияда өтүп жаткан айыл чарба техникасынын жарманкесине катышты. "Жашыл жума-2015" аталышындагы иш-чара 16-25-январь күндөрү өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жарманкеге 65 мамлекеттен өкүлдөр катышууда. Латвия айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн расмий өнөктөшү болууда. Кыргыз делегациясы ушуну менен жетинчи жолу катышып жатат. 17-январда Таалайбек Айдаралиев айыл чарбанын мүмкүнчүлүктөрү, азык-түлүккө болгон суроо-талап, чийки зат жана өндүрүш коопсуздугу талкууланган иш-чарага катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.