Эльвира Сариева мектептик билим берүү бюджеттен биринчи кезекте каржыланбай жатканын айтты
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 16-январда Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушуу алкагында Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы мектеп-комплексине барды.
Аталган мектеп семинардын катышуучуларына нормативдик каржылоону жайылтуунун позитивдүү үлгүсү катары көрсөтүлдү. "Нормативдик каржылоо керектүү каражат өкмөттөн толук бөлүнгөн шартта гана мектептердин каржылык автономия алышына мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, мектептик билим берүү биринчи кезекте каржыланышы керек болгон чыгымдардын категориясына кире элек. Буга карабай мектептерди ийгиликтүү башкаруунун үлгүлөрү бар",- дейт Сариева.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, бүгүн Ысык-Көл облусунда билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү үчүн атайын семинар болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

