super.kg logo

"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлобоптурмун" дейт катуу сабалган баланын атасы Назар Түлибеков

 

"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлогон эмесмин",- деди бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "катуу сабалып, зордукталган" делген 2 жаштагы баланын атасы Назар Түлибеков.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарына комментарий жана маек берүүдөн баш тартып келген ата биздин окурмандарга өзүнүн оюн билдирди: 

"Уулума байланыштуу окуя азыр өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында талкууланып жатат. Мен өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Уулумдун мындай абалга жеткенине бир гана адам күнөөлүү, ал менмин. Өзүм курулушта иштейм, баламды жалгыз карай албай, тууганыма жардам сурап кайрылгам. Алар каршы болушкан жок, өткөн жылдын ноябрь айынан бери колунан келишинче каралашып келишти. Башында уулума күнүгө келип турчумун, кийин келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам “Көп келбей эле койчу, баланын жүрөгүн оорутпай. Андан көрө телефон менен байланышып тур, балаң куса болуп ооруп калып жатат” деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны 1,5 ай мурун көргөм. Анан телефон аркылуу ал-абалын билип турчумун". 

Анын айтымында, 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агасы телефон чалган. Ал "тезинен кел, уулуң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деп айткан. 

"Мен жаман оюм жок эле, сасык тумоо болуп, денеси ысып жаткан го деп ойлоптурмун. Үйгө киргенимде эле уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм түшүп калды. Анын бетинин баары тытылып, канжалап туруптур. Кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштыра баштасам, аны тепкичтен кулап кеткен дешти. Мен өзүмдү жоготуп койдум, себеби андайды көрөм деп күткөн эмесмин. Шашкалактап уулумду кийинткиче анын денесиндеги жарааттарды көрүп, жинди болуп кете жаздадым. Кийинтип жатып башын караганымда ал башы менен урулганын байкадым. Анын абалы аябай эле оор болчу. Уулумду унаа менен ооруканага алып келдик, ал тиешелүү медициналык кароодон кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды",- дейт Н.Түлибеков.

Анын айтымына караганда, бала ооруканага түшөрү менен милиция кызматкерлери да келишкен. Түнү менен Н.Түлибеков жана анын агасы, аялы суракта болушкан.

"Мен суракта отурганымда жаныбыздагы бөлмөдө жеңем да суракка алынды. Мен отурган бөлмөгө жеңемдин айткандарынын баары угулуп жатты. Ал "Бала ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп заңын чыгарчумун. Ага клизма да жасачумун. Кээде тарбиялык максатта уруп, урушуп койчубуз" деди. Бул жерде неге баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн айтпаганына түшүнбөй жатам. Зээнди кейиткени, мени суракка алганда мага "балаң эси ооп жолдо келатканда зордуктадың" деп акылга сыйбаган нерселерди моюнга илейин дешти. Менин балам өлүм менен жашоонун ортосунда турса, мага ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМС жиберип жатышты. Бул жерде эптеп кылмыштын бетин ачып, жаап коюу эмес, чындыкты сыртка чыгаруу зарыл",- дейт жабырланган наристенин атасы.     

"Баланын өз энеси кайсы жакта? Бул кылмышка шектелип жаткан агаңыз менен жеңеңиз чындыгында эле ушундай кылмышка бара алышат беле?" деген суроого төмөнкүдөй жооп алдым: 

"Уулумду 2 айлык кезинен бери өзүм карап келгем. Аны өз энеси 2 айлык кезинде мага берген. Башка маалымат булактары буга чейин жазгандай, ал Орусияда эмес, Кыргызстанда эле. Анын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Убагында бири-бирибизди жакшы билбей баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Эки ажырым жолго түшкөнүбүздө анын 3 айлык боюнда бар экенин билдик. Көз жарып, ал уулумду карап жүргөндө ага акчалай колдоо көрсөтүп, баланын атасы катары өз милдетимди аткарып жаттым. Уулум төрөлгөндө ал аны 2 ай эмизип, карап берди. Кийин экинчи жубайым каралашып жүрдү, тагдыр экен, мында да жолум болгон жок. Жалгыз бой ата болуп калганымда, ноябрь айларында уулумду агам каралашканга алган. Агам менен жеңем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. "Кантип?" деген суроо жанымды койбойт... Иликтөө иштери аягына чыга элек, дагы көрө жатарбыз. Учурда мен үчүн эң маанилүүсү - уулумдун сакайып кетиши, менин жалгыз байлыгым да, бакытым да ошол. Мен эми аны эч кимге бербейм, мындан ары мен аны күттүрбөйм дагы... Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, кезектешип анын жанында болуп жатабыз".

Жакынкы убакыт аралыгында бул окуяга чекит коюлары анык. Ал эми ооруканада жаткан баланын эртерээк сакайып, бактылуу балалык күндөрүн башынан өткөрсүн дейбиз.   

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
16.01.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул баланын окуясын окуп алып эле нервим чыдабай жатат да. Эмне учун эки жашар баланы кыйнашты анча эч акылыма эч эле сыйбай жатат да?!
16.01.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кетсин кудайым колдоп,жаш баланы кыйнапсынарго кор болгурлар,озун эле карачы бир жолун таап баланго сенин!
16.01.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андайлар адам эмес
16.01.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Козундон жаш Ибрагимди коргондо озунон озу агат экен.Атасын деле куноолоштун кереги жок.Озу иштесе баланы кантип карайт,иштебейин десе экооно ким акча берет.Апасы кантип 2айлык баласын бере салып кете берди экен.Байкуш бала сабалып атканда жардпм берээр адам жок чыркырап гана ыйлады го.
16.01.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ибрагимди торогондон аял, мен сага кайрылгым келет! Сендейлерли апа деп айтканга да болбойт! Эл журт угуп,Ибрагимди ойлоп, тынчсызданып жатат, а сен барсынбы?! Барып баланды ооп, колунан карман койчу ! Балким, таасири тиеттир! Читатели,прошу прощения, без слез и эмоций не могу писать! Ибрагимдин атасы , жардам керек болсо кайрылыныз, колумдан келишинче жардам берем! Бай болбосом да , каралышканы жардам берем! мен да 3жашар баланын апасымын.Ата энелер балдарыбызды эч Кимге ишенбей,озубуз кара
16.01.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуп кетсин эми кудай колдоп!
16.01.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо,мееримдуу Аллах,баарыбыздын тилегибизди орундатып Ибрагимдин сакайып кетишине жардам бер!
16.01.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкушум 10 гулунун бири ачыла электе ушундай акыбалга жеткирген желмогуздарды озулорун ушинтип жазаласын. Эртерээк сакайып кетсе экен баарыбызды суйунтуп.
17.01.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атасынын маегинен кийин мен аябай ыйладым.Ал байкуш ата да кор тириликтин айынан кеткен турбайбы.Иштин баары женесинде окшойт.кичинекей баланы батырбай мына ушундай акыбалга келтирди.женесин камап,кордош керек.кичинекей Ибрагим сакайып кетишин тилейм.ал эми атасында куноо деле жокко.
Модератор Bakulya79 түзөттү 2015-01-17 00:29:32
17.01.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эхх менин да балам 2 жашта. элестетип алып ыйладым. ичи катса чукуп алчумун дегени эмнеси. женесинин козун чукуп колун сындырып тилин кессе да аздык кылчудай байкуш бала.
17.01.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып ыйладым((( Ибрагим жакшы болуп кетсин
17.01.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул окуядан кабар алгандан бери башкалар сыяктуу мен да шок абалындамын. Кантип кичинекей наристени ушунча кыйнашкан? Кантип журогу, колу барды ушундай мыкаачылыкка? Агасы менен женесинин деле бир эмес, 5 кызы бар экен, анан кандайча мынчалык таш боор, мерез болушат??? Баккын, каралышкын келбесе айт да ачыгын эле карай албаймын деп, куураган атасы башка жолун табаар эле го... Ушул окуянын, Ибрагимди "багымыш болгондордун" чыныгы бети ачылса деген чон умуттомун. Кичинекей Ибрагим тезирээк сакайы
17.01.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей Ибрагим тезирээк сакайып кетуусу Алла Таалабыздан баарылашып сураналы. Мындан аркы жашоосу дайыма бактылуу кундордон гана болсун!!! Атасы ушул иштин аягына чыгып, дайыма уулунун жанында болушуна тилектешмин. Мындан ары жаныныздан чыгарбаныз!!! Озунуз айткандай эч кимге бербениз!!! Ал сиздин баланыз, сиздей эч ким Ибрагим учун жакын болуп бере албайт, аны коргобойт!!!
17.01.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh ushul okuianu okygandan beri jurogum oorup jaman bolup atam,akesi menen jenesin adam dep atagangada oozun barbait mankurttar,balanun ubali uktatpai kalsin silerdi eki duinodo jashoonor onolboi karangi kor bolup kalsin
17.01.2015. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiygyp ket tezireek .e kudai ozunon otoor jok e4kim. naristege omur ber.jalpy kyrgyz eli suranat.menin da 9 ailyk uulum bar tompondop emi bir sonun.ki4ine jygylyp ketse ele iii dep bolboi kalabyz.aman ele bolsun4u baldarybyz.
17.01.2015. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз семьябыз менен жакынкы аралыкта Кыргызстанга кетебиз,кудай буйруса кичинекей Ибрагимди больницага барып оз козум менен коруп,кучагыма кысыып озумдун мееримимди берем
17.01.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балага меерим да жетишпей жатат да ,керек болсо балан ооруп калса меериминди токсон кандай ойноп конулу ачылып калат,бул наристеге да ене меерими жетишпей жатат енеси жанында болсо жакшы болмок
17.01.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунун беш кызы болсо еркек баланы кудай деп еле багып алышса болмок каргыш тийген акмактар ,оз балдары буюрбай калсын,шал тийсин жанагы катынга, урганы кордогону корунуп еле турат кебетесинде,тепкичтен кклап кетти деп коет. кулай турган тепкичи да жок го,еки дуйнодо жакшылык корбосун
17.01.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ибрагимдин куса болуп ээрчигенин ойлоп журогум тилинип кетип жатат.Байкуш бала эмне кыла алмак,атасы кетсе уруп токмоктосо,ортодо же арачылап ажыратар адамы жок болсо.Курсагын да жакшы тойгозбосо керек.Ошол аялды кордум телевизордон,онуно караганда урушмак турсун ХХХ ХХХ бар экен.Ибрагимди клизма кылдым дейт,абайлап кылбай кылса да очошуп жини менен ары бери кылып жасаса керек да клизманы.Клизманы эми ошол ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-19 13:18:10
19.01.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danyshman, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, провокацияга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
17.01.2015. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ментерди карасанар машинада зордуктагансын деп келесоолорго .
17.01.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор, бироого зар дуйно дейт канчалаган адамдар Ибрагимдей балага зар болуп журот . Уйалбай женеси клизма кылчумун дептир клизма менен зордукталгандын айырмасын оздоштуро албагыдай 20ма жылдап иштеген врачтар ХХХ беле? Айдай баланы айып кылгандыгы учун Агасы менен Женеси дегенде 25 жылга кесилсин!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-19 13:28:56
19.01.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara1983, этика нормаларын сактаңыз!
17.01.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол келинди мага берсе клизма кандай экенин уйротмокмун.
17.01.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журоктун туп тамырына жеткен окуя болуптур, эки айлык баланы таштаган энеге мин наалат, аманатка ташталган баланы жакшы карабаган женесине мин наалат, атасына зордуктадын деп ишти тонкоргон милиция кызматкерлерине мин наалат!!! Супер инфо Ибрагимдин атасынын номерин жазып койбойсуздарбы, мумкун жардам берем дегендер чыгар, озум деле жардам бергим бар, коп болбосо да чын журоктон.
17.01.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы жарык дуйного алып келгенден кийин жоопкерчиликти билиш керек, заманга шылтоолоп кереги жок, айбан да баласын минтип тыштабайт. Адамдар негизи айбандан да жаманбыз...
17.01.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ибрагим тезирээк сакайып кетуусу Алла Таалабыздан баарылашып сураналы.
17.01.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш бала эртерээек айыгып кетсин,кандай болгон кундо коргозгон кордугунун азабын тартсын адам сымал айбандар
17.01.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен баары бир ийиген жокмун атасынын создоруно. Биринчи озу куноолуу ,аялы менен кошуп. Кайта кайта аял алып кетирген немеби деген да ой кетти. Озунун 10бир тууганы бар экен,ошолор караса болбойт беле баланы. Аталаш бир тууганына караганда алар жакынырак го. Эми бала мындай абалга келип калганда жанталашып пайда болуп калышкандай. Бир гана кичинекей наристенин жакшы болушун тилеим. Калгандары ар ким озу учун жооп берер кун да келсе керек.
18.01.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы кундору ушул нарисенин абалын билгени эле сайтка кирип калдым. Озуно келди деп качан жазат деп.
18.01.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде атасында да чоон куноо бар.Ушундай акмакчылыка барган агасынын баш терисинен байкаса болмок!Куса болот келбе деди деп...Ушундай жетишкен заманда ушунчалык денгээлдеги карангы адамдардын болушу зээнди кейитет...бул жерде кичинекей Ибрагимденбашкасын эч кандай актоо тазалоонун кереги жок.Манкурттор оз жазасын алаарына ишенем.
18.01.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ибрагимдин атасында куноо. Экинчи аялы мн да жашай албаптыр.эгер экинчи аялына жакшы мамиле жасаганда ибрагимди карамак атасынын конулу учун. Бул жерде атасында кунонун баары.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: