super.kg logo

Жаран жалпы жарандык паспортундагы аты-жөнүнүн латын тамгалары менен туура жазылышын текшере алат

 

аран жалпы жарандык паспортундагы аты-жөнүнүн латын тамгалары менен жазылышын өзү текшерүү укугуна ээ. Эгер ал паспорт берүүчү мекеме тарабынан сунушталган жазууга макул болбосо, өз арызында аты-жөнүн транслитерациянын эрежелиринен айырмаланган латын тамгалары менен жазууга укуктуу",- деди бүгүн, 16-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү депутат Дастан Бекешевдин арызына жооп кайтарып жатып. 

ты-жөнүнүн транслитерациясынын кемчилиги боюнча жарандар тарабынан түшкөн даттануулардын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкүнү кошумчалайт:  

Ар бир жаран жалпы жарандык паспортко керектүү анкетаны толтуруп жатканда, Паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкеринен транслитерациянын эрежелери боюнча маалымдама алууга толук акысы бар. Кызматкер, КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген инструкцияга ылайык, бул маселе менен тааныштырууга милдеттүү",- деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.

Айта кетсек, буга чейин жарандар депутат Д.Бекешевге "Жумагулов" латын тамгалары менен жазганда "Dzhumagulov", ал эми "Хамид" түшүнүктүү "Hamid" эмес, "Khamid" болушу керек экен" деп арызданышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: