super.kg logo
  Саясат  

“Ачык өкмөт” долбоорун ишке ашырган кызматкерлер сыйланышты

 

Бүгүн, 16-январда өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиев "Ачык өкмөт" саясатынын алкагындагы долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Ыраазычылык грамоталарын тапшырды.

"Жарыяланган “Ачык өкмөт” саясатынын алкагында биз республика жарандарынын премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана өкмөттүн башка мүчөлөрү менен түз баарлашуусу үчүн бардык шарттарды түздүк. Бул, албетте, алдыга карай кадам болуп саналат",- деп билдирди Момуналиев.

Аппарат жетекчиси аталган долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруудагы маанилүү ролду райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери аткаргандыгын кошумчалады.

"Бекитилген иш-чараларга ылайык, үзгүлтүксүз негизде жооптуу кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча жакшы натыйжаларга жетиштик",- деди өкмөт өкүлү. 

Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге өкмөттүк аппараттын жетекчисинин Ардак грамоталары тапшырылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: