super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда автоунааларды каттоо, кайра каттоо боюнча 21-январдан баштап жаңы тарифтер иштеп баштайт

 
Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана кайра каттоодо алынчу 5 жана 1 пайыздык төлөмдөр боюнча 2015-жылдын 21-январынан тарта жаңы тарифтер иштеп баштайт. Маалыматты бүгүн, 16-январда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жаңы тарифтик торчо Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан бекитилгени, тарифтер кандай болору тууралуу атайын маалымат бериле турганын кабарлады мекеме.
Айта кетсек, 2012-жылы автоунааны кайра каттоого төлөнүүчү чыгым 5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлүп (Кыргызстанда катталган унааларга гана), айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы милдеттүү документтердин катарынан чыгарылган.     
Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Буга чейин чет мамлекеттен келген автоунааларга 5 пайыздык салык төлөнсө, Кыргызстанда катталган автоунааларга 1 пайыздык төлөм иштеп келген. 
Жогоруда эскертилгендей, бул боюнча кошумча маалымат берилет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: