super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Куралдуу күчтөр тууралуу: "Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу жана өмүрү маанилүү"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 16-январда коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кабыл алып, тараптар Коргоо министрлигинин 2014-жылкы ишинин жыйынтыгын жана 2015-жылкы планын талкуулашты. Өкмөттөн билдиришкендей, өкмөт жетекчиси Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн потенциалын күчөтүү үчүн Куралдуу күчтөрдү реформалоо жүрүп жатканын белгиледи. Реформанын алкагында аскердик башкаруу боюнча жаңы орган - Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлгөнүн айтты. Мындан тышкары Куралдуу күчтөрдүн курал-жарак тутумун жаңылоо, өздүк курамды даярдоонун эффективдүүлүгүн көтөрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Аскер кызматкерлери үчүн Бишкекте көп кабаттуу 2 үй курулуп, колдонууга берилгенин билдирген өкмөт башчы буларды айтты: "Бишкек, Ош, Баткен шаарларындагы аскер кызматкерлери үчүн турак жай куруу иштери жүрүүдө. Курулуш иштерин тездетүү зарыл. Куралдуу күчтөрдүн жоокерлерине мыкты шарттарды түзүп берүү керек. Биз үчүн ар бир жарандын коопсуздугу жана өмүрү маанилүү".  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: