super.kg logo

Баткенде кол салуудан жарадар болгон чек арачынын биринин абалы оор

 

Баткенде кол салуудан жарадар болгон чек арачынын биринин абалы оор. Куралдуу кол салуудан каза болгон жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталды. Мамлекеттик чек ара кызматы буларды билдирди: 

"Куралдуу кол салууда чек ара тозотунун зардалы (начальник), ага лейтенант Т.Исмаилов каза тапты. Чек ара тозотунун зардалынын орун басары, лейтенант Н.Осмонов жана радиотелефонист, катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу жарадар болушкан. Катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулуна Лейлек районунун Исфана шаарынын ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Лейтенант Н.Осмонов Ош шаарынын ооруканасына алынып кетти"

Лейтенант Н.Осмоновдун абалы оор экени кабарланды. Азыркы тапта чек арачылар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча операция жүргүзүшүүдө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Окуя болгон жерде ыкчам иликтөө тобу иш алып барууда.

Айта кетсек, 16-январда саат 22:50 чамасында "Лейлек" чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна белгисиз адамдар куралчан кол салышты. Анда бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болду.   

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
17.01.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колсалгандардан олбоптурбу?
17.01.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай коор
17.01.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Провакация!!Кыргызстанда чек арада ким тополон калашы мумкун? Бул менимче ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ,болбос о хаос башталат дегени окшойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-19 13:38:58
17.01.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
wizard,
ХХХ, бир аз тактап анан суйлосон.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-01-19 13:40:08
19.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз!
19.01.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wizard, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! 3 күн БАН!
17.01.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кол салгандарды тезинен аныктап чара көрүш керек
17.01.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде озун коргоп атайын десе кайра ошол кызматкерди куноолуу деп суракка чыкырып туура эмес болот. ошондон чочуп, чара корулбогон го. Карачы эми оздору жабыр тартып, каза болуп калганын. Атандын кору дунуйо, качан кордолбой кыйын мамлекет болор экенбиз. Бут чек араларда кырдаал кыйын.
17.01.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким кол салды.ошону изилдешсин.анан ошого карап соз суйлойлу. Божомолдоонун керекеги жок...
17.01.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир уй-булонун чырактай баласы каза болду,калганынын сакайып кетиши белгисиз. Эр жигит эл четинде,жол бетинде. Корунгонго баатыр наам бергендин ордуна ушундай азаматтарга бериш кк.Ата-энесине таазим
17.01.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек ото чон коломдогу наркотик отуп кетти. Булар наркбарондор, башкаларга керек деле эмес чекарачыларды аткылаш.
17.01.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот чек ара маселесин чече албагандын кесепетинен канча патриот жигиттер олуп жатышат,ошолордун ордуна оздору 1 кун эле турушсунчу,ач калып тонушбайт да чиновниктер,кабыргалары кайышпаса деле керек.Зээнин гана кейийит биздин чиновниктердин жасаган ишине.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: