super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга 2014-жылдын 9 айында 4 миллиондон ашык турист келген

 

"Өкмөт маданият, маалымат жана туризм тармагын өнүктүрүүнү каржылоого өзгөчө көңүл бурат. Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тармакты өнүктүрүү үчүн инновациялык чараларды колдонушу жана конкреттүү идеяларды сунушташы керек. Дүйнөлүк практиканы карасак, маданият жеке инвестициялардын колдоосу менен өнүгүүдө",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 16-январда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен жолугушууда. Өкмөт жетекчиси министрлик тарабынан чечилбей жаткан маселелер маданий жайларды пайдалануу жана коргоо жаатындагы социалдык укуктук көйгөйлөр экенин атады. Оторбаев 2014-жылы өкмөт өлкөнү санариптик телеберүүгө өткөрүү үчүн 100 миллион сом бөлгөнүн кошумчалады. 

Туризм тармагы тууралуу премьер буларды билдирди:

"Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө туризмдин ролу жогору. 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөгө келген туристтердин саны 980 миң адамга көбөйүп, 4 миллион 69 миңди түздү. Туристтердин санынын өсүшүнө 45 өлкөнүн жарандарына визасыз режимдин кириши да таасир этти. Бул өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 2013-жылкыга салыштырмалуу 72 миңге өскөн. Алыскы өлкөлөрдөн былтыр 160 миң турист келген. Башкача айтканда, Кыргызстанга алыскы өлкөлөрдөн күнүнө 500 турист келип турду, бул жакшы көрсөткүч". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: