super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Баткенде кол салуудан каза тапкан чек арачынын жакындарына көңүл айтты

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Баткендеги "Айкөл" чек ара тозотуна куралдуу кол салуудан каза тапкан чек ара тозотунун жетекчиси, улук лейтенант Т.Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Окуядан жаракат алган чек ара тозотунун башчысынын орун басары, лейтенант Н.Осмоновго, катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулуна бардык зарыл болгон медициналык жардамды берүүнү буйруду жана алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укук коргоо органдарына окуяны дыкат иликтөөнү жана чек ара тозотуна кол салууга күнөөлүү жарандарды аныктоо тапшырмасын берди. Мамлекеттик чек ара кызматына мамлекеттик чек араны жакшылап кайтарууну камсыз кылуу, чек ара тозотторунун коопсуздугун бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмасы берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: