super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги 2015-жылга жарандык бюджет тууралуу маалымат берди

 

Каржы министрлиги бүгүн, 17-январда 2015-жылга карата жарандык бюджет тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматында булар айтылат:

"Жарандык бюджет өз ичине республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда жана башка мыйзамдык актыларда камтылган (бюджеттик параметрлер, белгиленген каржылык жылга приоритеттер жана чечимдер тууралуу) маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөй формада баяндоону камтыйт. Жарандык бюджет бардык жарандарга, атайын билими жокторду кошо алганда, мамлекеттик каржылар тууралуу жеткиликтүү жана түшүнүктүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бюджеттик процесстин ачык-айкындыгы жана бардык кызыкдар жактардын бул процесске тартылышы жарандык коомго да, аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына да биргеликте майнаптуураак иштөөгө көмөктөшөт, ошондой эле бюджеттик ресурстарды пайдалануунун тууралыгын баалоо критерийи болуп саналат".

2015-жылга жарандык бюджет бюджеттик каражаттардын түзүлүшү, бөлүштүрүлүшү жана пайдаланылышы боюнча түшүнүктүү, кыска жана маалыматтык документти пайдалана ала турган кеңири коомчулукка багышталганы айтылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: