super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жол кыймылы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында Кыргызстандын ченемдик-укуктук базасын Евразия экономикалык биримдигинин укуктук-ченемдик базасына ылайык келтирүүгө жана жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагында Кыргызстандын талаптарын эл аралык талаптарга жана тажрыйбага максималдуу дал келүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Долбоорлоодо жана курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизди талаптардын тизмеси жаңы талап менен толукталат - курулган, реконструкцияланган жолдор техникалык регламенттерге дал келиш керек.

Мыйзам транспорт каражаттарын, алардын бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын жана шаймандарын жасоодо жана сатууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талап – алардын техникалык регламенттерге дал келүү керек экендигин тактайт. Ошол эле учурда жол кыймылы коопсуздугунун белгилеген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон транспорт каражатын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргызстандын мыйзамдары менен аныкталат.

Андан тышкары мамлекеттик техникалык кароонун жаңы шарттары аныкталат. Алсак, техникалык кароодон өтө турган транспорт каражаттарынын категориялары, техникалык кароонун мөөнөттөрү жана техникалык кароону жүргүзгөнчө ыйгарым укуктуу болгон субъекттер аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен кошо күчүнө кирет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: