Баткен: Каза тапкан чек арачынын үй-бүлөсүнө 100 миң сом, жаракат алгандарга 50 миң сомдон жардам берилди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Баткендеги "Айкөл" чек ара тозотуна куралдуу кол салуудан каза тапкан чек ара тозотунун жетекчиси, улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Акчалай жардам аталган окуядан жаракат алгандарга да берилди. Президенттик аппараттан 17-январда билдиришкендей, улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом, жаракат алган лейтенант Нуркелди Осмонов менен катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаңыбайга 50 миң сомдон берилди.
Айта кетсек, 16-январда саат 22:50 чамасында "Лейлек" чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна куралчан белгисиз адамдар кол салышты. Анда бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болду. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

