Франциянын элчиси Париждеги терактка байланыштуу көңүл айтканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 16-январда Франциянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Катта менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда элчи Париж шаарында 7-январда болгон терактка байланыштуу көңүл айтканы үчүн Кыргыз Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

