super.kg logo
  Саясат  

Украина бийлиги Москвага өлкө чыгышындагы согуштук чабуулдарды 19-январда токтотууну сунуштады

 
Украина бийлиги өлкө чыгышындагы согуштук чабуулдарды 19-январда токтотууну Москвага сунуштады. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Орусия бийлигин 5-сентябрь жана 19-сентябрдагы Минск келишимдерин аткарууга, ок атышууну токтотуп, украин-орус мамлекеттик чек арасын көзөмөлдөөнү Украинага берүүгө чакырык жасалган. "Украина Минск келишимин толук түрдө аткарууда жана 4 айдан бери бул келишимди Орусия тарап жана согушчандардын аткаруусун күтүүдө",- деп айтылат маалыматта. 
Ал эми Орусия аталган келишимди украиналык тарап бузуп жатканын билдирүүдө. Президент Владимир Путин 18-январда билдирүү жасап, анда Донецк жана Луганск облустарында ок атышуунун жанданышы Минск келишимин бузулуу коркунучун жаратарын айткан. Украина президенти Пётр Порошенкону аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чара көрүүгө чакырган эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: