Башкы прокуратура: Мыйзамды аткарбаганы үчүн Ноокендин акими менен Майлуу-Суунун мэрине чара көрүлдү
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен Ноокен районунун акими А.Осмонов жана Майлуу-Суу шаарынын мэри К.Сатыбалдиев административдик жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сомдон айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, буга чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнөн кийин аталган кызматкерлерге административдик өндүрүш иши козголуп, иш сотко жиберилген.
Башкача айтканда, аким менен мэр коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн айыпталышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

