super.kg logo

Токтогулда мыйзамсыз маяна берилип, бюджетке жарым миллион сомдой зыян келтирилгени боюнча кылмыш иши козголду

 

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан райондук администрацияга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Башкы прокуратурадан билдирди. 

Маалыматка ылайык, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү) боюнча козголду. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган администрациянын бир катар кызматкерлеринин иш тажрыйбасынын мөөнөтү мыйзамсыз көбөйтүлүп, ага ылайык, алган эмгек акыларын да көбөйттүрүп алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 444 600 сом зыян келтирилген. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: