Кыргызстанда унду милдеттүү түрдө байытуу демилгесин парламент комитети 3-окууда колдоду
Кыргызстанда нан унун милдеттүү түрдө байытуу нормасын киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде 3-окууда каралды. Демилгечилердин айтымында, жогорку жана 1-сорттогу унду сөзсүз түрдө байытуу сунушталууда. Мындай сорттогу ундар өндүрүштө абдан тазалангандыктан, курамындагы витаминдер жок болуп кетери, ошондуктан аны байытуу зарылдыгы белгиленген. Мыйзамдын талаптарын аткарбагандарга айып салуу же мындан ары ун сатуу укугунан ажыратуу жагы каралууда.
Мыйзам долбоору комитетте колдоого ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

