Депутаттар Боом капчыгайындагы коомдук даараткана үчүн жарандардан акча алынышына нааразы
Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук дааратканаларды пайдаланган жарандардан акча алынып жатышына нааразы. Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 19-январдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев Боом капчыгайындагы көрүнүштү мисал келтирди. "Боомдогу кафенин жанындагы туалет үчүн акча алынат. Кафеден түшкөн акча аздык кылып жатабы? Муну менен туристтерди таң калтырып жатабыз",- деди депутат.
Буга чейин башка депутаттар Бишкек-Балыкчы трассасындагы дааратканалардын абалына нааразычылык билдирип келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

