super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Максүтов Касымалы Баялинов атындагы Республикалык жаштар жана балдар китепканасынын иши менен таанышты

 
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов К.Баялинов атындагы Республикалык жаштар жана балдар китепканасынын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда аталган министрликтен билдиришти. 
Мекеме жетекчиси Роза Султангазиеванын билдирүүсүндө, учурда китепкананын китеп фонду 500 миңди түзөт. Бир күндө бул жайга 500дүн тегерегинде окурман келет. Китепканада 14 бөлүм жана бир катар борборлор орун алган. Дүйнөлүк Банк, Британ Кеңеши, Кыргызстандагы АКШ өкүлчүлүгү жана башка бир катар чет элдик уюмдар менен ийгиликтүү кызматташуунун аркасында китепкананын имараты бир топ жаңыланып, китептер сатылып алынган. Бөлүнгөн гранттык каражатка атайын бөлүмдөр ачылып, окурмандар үчүн жакшы ыңгайлуулуктар түзүлгөн. Акысыз интернет пайдаланылууда. Роза Султангазиева кошумча китеп сактоочу жайлар керектигин айтып, учурдагы китептердин 40 пайызы моралдык жактан эскиргенин белгилеп өттү. Министр А.Максүтов өлкөбүздө дал ушул китепкана өз алдынча алгылыктуу иштерди жасап, эч кимден эч кандай жардам күтпөй, жеке демилге менен ийгиликтерге жетишип жатканын айтып, эмгек жамаатка мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: