super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга 2014-жылы 1,1 миллион тонна күйүүчү май импорттолгон

 
Кыргызстанга 2014-жылы 1,1 миллион тонна күйүүчү май импорттолгон. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов 19-январда маалымат жыйында билдиргендей, былтыр түрдүү үлгүдөгү 604 миң тонна бензин алынып келинген. Дизель майынын өлчөмү - 496 миң тонна. Маалыматка таянсак, өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы күтүлбөйт. "Январь айынын ортосуна карата 81 миң тонна күйүүчү майдын запасы калды, мунун 55 миң тоннасы бензин, 26 миң тоннасы дизель майы",- деди Керимкулов. 
2014-жылдын жыйынтыгы менен алганда өлкөдө бензиндин баалары жалпы 4,8 сомго кымбаттаганы айтылды. Айта кетсек, 2014-жылдын январь айында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 37 сом 80 тыйын болсо, учурда бензиндин бул үлгүсү 42-44 сомдон сатылууда (Бишкекте).  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: