super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик эмес ишканаларда жана уюмдарда кызмат кызыкчылыгына каршы кылмыштардын алдын алууга, жарандардын, уюмдардын, мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле менчиктерин коргоону күчөтүүгө багытталган.

Аталган максатты ишке ашыруу үчүн мыйзамда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жазаны катаалдатууну караган түзөтүүлөр киргизилет. Алсак, акциялардын (үлүшүнүн) 30 пайыздан ашууну мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдарда башкаруу милдеттерин аткарган жарандарга карата кыйла катуу жазаларды пайдалануу каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: